Кыргызстандык жаш каратэчилер Казакстандын кышкы чемпиондугунда 3 алтын медаль утушту

Кыргызстандык жаш каратэчилер Казакстандын кышкы чемпиондугунда 3 алтын медаль утуп келишти. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттеринен 400гө чукул спортчулар катышышты. Анда Сергей Шевченконун башкы машыктыруучулугу астында Кыргызстан курама командасына 8 спортчу кирген.

Кыргызстандын эсебине Баэль Шерматов, Медер Үсөнбаев жана Артем Носарев алтын медаль алып келсе, Нурсултан Шамансуров күмүш медаль утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elif
2013-12-18 12:18:16
barakelde!
0
Aviator
2013-12-18 15:42:53
Азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан