Өлкөдө акыркы сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Өлкөдө акыркы бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, тилсиз жоону өчүрүүгө 9 бөлүм тартылып, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

"Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 132 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан. Ал эми Ысык-Көл районундагы Бает айылында жолдун боюнда Audi S4 үлгүсүндөгү унаа күйгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта өрттүн себептерин тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан