
Өлкөдө 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун 3-туруна каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январда саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январда саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.
Ал эми кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 20-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
"I жана II турда жалпысынан 362 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 288 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 270 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады", - деп айтылат маалыматта.
Эки турда тең эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түштү:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 99,
- Ош мамлекеттик университети – 77,
- Президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 42,
- Эл аралык медициналык университети – 24,
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12.