Биз социалдык тармакта

Өлкөдө өткөн жылда ишке орношкон жумушсуздардын саны 6 пайызга өстү

Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7 пайызга азайып, 91,6 миң адамды түздү.
"Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6 пайызга өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.
Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка төмөн", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,8 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка төмөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан