15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Министрлик айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.