Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-январда таңкы саат 07:14тө Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылындагы Өрүкзар көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат берилген. Саат 07:16да Баткен шаарында жайгашкан №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылган. Саат 08:50дө курчоого алынып, өрт саат 10:26да өрт толугу менен өчүрүлдү.

"Өрт чыккан жерде бир жаран каза болду. Баткен райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан каза болгон жарандын сөөгү 1991-жылы туулган А.Б экендиги аныкталды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан