УКМК 24.kg сайтынын кеңсесине эмне себептен тинтүү жүргүзгөнүн айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде эмне себептен тинтүү иштери жүргүзүлгөнүнө түшүндүрмө берди.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-январда кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин (“Согушту пропагандалоо”) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча агенттиктин кеңсесинде тинтүү жүргөн.

"Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Бүгүн, 15-январда 24.kg маалымат агенттиги алардын кеңсесине УКМК кызматкерлери келип тинтүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

Ошондой эле агенттик башкы директор жана эки редакторду УКМК кызматкерлери суракка чакырганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2024-01-15 15:52:00
Эркин ойлоно албаган эл кул сымал журтка айланат. Эркин ойлонуу - эн биринчи байлык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан