Бүгүн, 15-январда Төө-Ашууда көлөмү 4000 метр кубду түзгөн кар көчтү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көчкү бүгүн Бишкек - Ош жолунун 127 чакырымында, саат 13:50дө түшүп, Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Учурда жеринде №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдон карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Мындан улам Транспорт министрлиги айдоочуларды жолго чыкпай турууга чакырып, жеринде тиешелүү Жол инспекторлор түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.