
Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплексинин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, ал базар ижара акысын негизсиз жогорулатып, бирок салык отчётторунда азайтылган ижара суммаларын көрсөтүп келген.
"Узак убакыттан бери жүрүп жаткан схемадан улам айыпталуучу И.Н.А. соода түйүндөрүнүн ижарачылары менен салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүүдө базар ээси мамлекеттик бюджетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.
Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.