Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат.

- "Ардагер Транс Сервис" ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз);
- "Тоң-Бишкек" ЖЧКсы;
- "Чон Ак-Суу" ЖЧКсы;
- "Таңкы Жол" ЖЧКсы;
- "Нурлан плюс" ЖЧКсы (Бишкек-Түп).

"Аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тейлейт. Каттамда №211, №123, №104, №285 кичиавтобустар жана №146 автобус иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан