
Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн чет өлкөнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук милицияга Жалал-Абад шаарында интимдик кызмат көрөтүп жүргөн чет өлкөлүк кыздар мыйзамсыз чек араны кесип өткөндүгү тууралуу маалыматтар түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөөдө алар сауналардын биринде сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүп иштеп жатышкандыгы, былтыр август жана октябрь айларында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү аныкталган. Ошондой эле И.Ш. коӊшу өлкөнүн мыйзамсыз чек араны кесип өтүү беренеси боюнча издөөдө жүргөндүгү такталган.
Шектүү катары чет өлкөлүк 32 жаштагы К.З. жана 25 жаштагы И.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.