Биз социалдык тармакта

16-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 16-январга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайкы, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар аралаш жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-3, күндүз -4…+1,

Талас облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0 даража болот.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-5, күндүз -1…+1 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан