Бишкекте угуусу начар 47 балага кохлеардык имплантация операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, операция былтыркы жылдын декабрь айында Катар фондунун жардамы менен ишке ашырылган.
Ал эми бүгүн, 15-январда Бишкекке Кохлеар компаниясынын клиникалык жана техникалык адиси Дмитрий Заика бул балдарга сүйлөө процессорлорун туташтыруу үчүн учуп келгени кабарланды.
Ал кыргызстандык адистерди окутуудан өткөрөт.
“Сүйлөө процессорлору туташтырылгандан тартып балдардын үндөр дүйнөсүнө болгон сапары башталат”, - деп белгилешти министрликтен.