Бүгүн, 16-январда аба ырайына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунда Ош шаарына аткарыла турган Бишкек-Ош аба каттамы кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош аба каттамынан учуп кетүү убактысы жылдырылды.
Мындан тышкары Ош-Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду.
Учурдагы учуу көрүнүшү:
- горизонталдуу 76 метр
- вертикалдуу 60 метр
Учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.