Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5 миң 687 тоннаны түздү

Бүгүнкү күндө жазгы айдап себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5687 тоннаны түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, максаты Кыргызстандын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү болуп саналат.

Ал эми "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамдын негизинде ушул жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары тарабынан мамлекеттик дотацияга алдын ала сунушталган артыкчылыктуу үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 5687 тоннаны түздү.

Анын ичинен:
-
жаздык буудай 2378,0 тонна,
- жаздык арпа 2959,0 тонна,
- эспарцет 5,0 тонна,
- пахта 70,0 тонна,
- жүгөрү 90,0 тонна,
- картөшкө 165,0 тонна,
- беденин үрөнү 20,0 тонна.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан