Бишкекте бир катар алдамчылыкка шектелип 70 жаштагы карыя кармалды

Бишкекте бир катар алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда Октябрь РИИБине С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда С.Ж. аттуу жаранга чара колдонуп берүүнү суранган. Жабырлануучу ал былтыр июнь айында Германиядан трактор алып келип берем деп 10 миң долларын алып, андан соң из жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1953-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(700) 126 622, 0550 338 806 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан