Биз социалдык тармакта

Бишкекте эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин каза болду

Бишкектеги №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн 22 жаштагы келин көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашевага байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, келин кош бойлуулугунун 34-жумасында кан басымы көтөрүлгөн абалда келген. Ал операция жолу менен эгиз уул төрөгөн.

"Келиндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында маалымат берилет", - деп билдирди Асылбашева.

Асылбашеванын маалыматына караганда, төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан