"Өлтүрөбүз дешкен". Аксыда 80 миң сом талап кылган шектүү кармалды
Аксыда опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жалал-Абад ОИИБнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январда райондук милицияга 24 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 00:10 чамасында унаада отурган жерине тааныш балдар келишкенин айтып, А.З. 80 миң сом талап кылып, айтылган акчаны бербесең өлтүрөбүз дегенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары Кашка-Суу айыл аймагынын тургуну 1994-жылы туулган А.З. ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген жана чөнтөгүнөн жабырлануучуга таандык болгон 11 миң сом акча табылган", - деп айтылат маалыматта.