
Жогорку Кеңештин депутаты
Эрулан Кокулов эрдик жасаган ӨКМнын куткаруучусуна Ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-январда эл өкүлү аталган министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушкан.
"Жолугушуунун алкагында патриоттук сезимдер менен кызмат өтөгөн жалпы куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Шамшиев Бектурга Ыраазычылык кат тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-январда эрдик жасаган куткаруучуга ӨКМ кезексиз капитан аскердик наамын ыйгарганын
билдирген. Окуя былтыр 20-сентябрда Оштун Кара-Суу районунунда катталып, Шамшиев ажатканага түшүп кеткен 3 жашар наристени алып чыккан.