Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол киреге болгон тариф кайсы учурда көтөрүлбөйт?

MegaPay тиркемеси аркылуу коомдук транспорттогу жол кире 11 сом боюнча калат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда мэрия билдирди.
Маалым болгондой, Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире көтөрүлөт. Троллейбуста жана автобуста 17сом, накталай төлөм менен 20 сом болсо, ал эми маршруткаларда жол 20 сом болот.
Бирок, MegaPay тиркемеси аркылуу төлөгөндөр үчүн жол акысы 11 сомду түзөт. Анткени 6 сомду муниципалитетке MEGA мамлекеттик ишканасы кайтарып берет.
"Буга чейин шаар мэриясы MEGA мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзгөн, ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 15-январда коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү 30-январга жылдырылганы белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан