Биз социалдык тармакта

"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 17-январга карата аба ырайы

Эртең, 17-январга караган түнү көпчүлүк аймакта кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-4, күндүз -5…0 даража,

Талас облусунда түнкүсүн -13…-8, күндүз -7…-2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8 градус болсо,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-8, күндүз -7…-2 болот.

А эми борбор калаада түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-7, күндүз -2…0 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан