Бишкекте Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Уран Мусаевдин катышуусунда А. Масалиев көчөсү, 32/2 дарегинде өз билемдик менен салынган ашкана буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте иш алып барды.
"Иштин жүрүшүндө 406 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин жогоруда аталган объектинин өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жоюу жана муниципалдык аймакты бошотуу тууралуу билдирүү берилген", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү сулуулук салону түрүндөгү объектинин кеңейтилген тарабы өз ыктыяры менен буздурулууда.