Биз социалдык тармакта

"Жол жабык". Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда.

Ага ылайык, учурда министрликке караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат.

Эске салсак, 16-январга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 08:20да жол ачылып, каттам жанданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан