Чүйдүн Москва районунда өз апасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга 1977-жылы туулган С.А аттуу жарандан билдирүү түшкөн. Ал 1952-жылы туулган С.Т. аттуу апасынын жүрөгү кармап калганын билдирген.
Каза болгон жарандын сөөгүн кароо учурунда анын денесинен көптөгөн жаракаттар табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө С.А. мас абалында апасынын денесине бир нече жолу оор жаракат келтиргени аныкталган. Ал ишти жашыруу максатында апасы жыгылып кеткенин айтып, денесиндеги жаракаттар ошондон деп жалган көрсөтмө берген", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары кармалган С.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.