Биз социалдык тармакта

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Бүгүн, 16 январда саат 16:15дан тартып Бишкек - Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чара тыгындарды болтурбоо максатында көрүлдү.

"Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

"Кыргызавтожол" МИнин №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан