Үй-бүлөлүк зомбулук жана алдамчылык боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматтка М.Т. атту жаран күйөөсү Р.У. тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканын билдирген. Ал акыркы окуядан улам ооруканага жаткырылып, тиешелүу дарылануудан өтүп, үй-бүлөлүк психологдун кеңешин алып жатканын дагы айткан.
"Тергөөдө Р.У. жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынынан 30 миң доллар алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды. Ошол эле учурда аялы алган акчаны кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү делген Р.У. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт.
УКМК мындай фактылар катталган учурда дароо билдирүүнү өтүнөт.