Бишкекте тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр 25 -декабрда милицияга кыз киши арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 14:00 чамасында Астраханская көчөсүндө белгисиз жаран анын 98 миң 500 сомун жана 10 миң 800 сом турган Redmi маркасындагы телефонун тартып алып, качып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1981-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.