Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Илияз Ташбаев буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болгон. Антимонополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматы аркалаган.