Бүгүн, 17-январда Бишкектин четинде аскердик тик учак кулады. Бул тууралуу маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан бир адам каза болуп, сегиз адам ар кандай даражада жаракат алышкан.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кырсык боюнча кошумча маалымат берилерин маалымдашты.
Буга чейин Ми-8 тик учагы бүгүн саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.