Бүгүн, 17-январда Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учактын сүрөтүн АКИpress маалымат агенттиги жарыялады.
Ми-8 тик учагы бүгүн саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан бир адам каза болуп, сегиз адам ар кандай даражада жаракат алышкан.