Бишкектин четинде кулаган тик учак: Эки адамдын абалы өтө оор

Бүгүн, 17-январь күнү Бишкектин четинде кулаган Ми-8 тик учагынын бортундагы адамдардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Коргоо министрлигинен билдиришти.

"Тик учактын кыйрашынан бир аскер кызматчысы каза болуп, сегиз адам жабыркады. Төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсү өтө оор абалда, алты адам орточо жаракат алган. Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Ми-8 тик учагы бүгүн саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-01-17 15:39:00
Түрктөрдүн эле жылы жаңы учактарын алсаңар болбойбу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан