Ош мэриясы "Бавария" жайкы кафеси буздурууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан “Бавария” жайкы кафесинин ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды.
Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген. Курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.