Лейлекте сатып алган унаанын акчасын бербей, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну унаасын сатып алган жаран былтыр 18-марттан бери акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жаранга карата алдамчылык фактысы менен дагы бир арыз катталган.
Шектүү катары Андарак айылынын 28 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.