Бүгүн, 17-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы жоголгон адамды издөөгө кошумча күч жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, учурда жалпысынан 64 куткаруучу жана УКМКнын "Альфа" тобунан 8 кызматкери дрон менен тартылып, издөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-январынан бери 1996-жылы туулган М.М уулу аттуу жаран Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда дайынсыз болууда.