Биз социалдык тармакта

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 17-январда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Октябрь Урмамбетов, командирлер, ардагерлер, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары, алардын жакын туугандары жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы катышты.

Кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өзгөчөлөнгөн 133 кызматкерине, ошондой эле кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайларына жана алардын жакын туугандарына министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан