Ошто күчтүү таасир берүүчү дарыларды рецептсиз саткандар аныкталды

Ош шаарында дарыкана жана азык-түлүк дүкөнүнүн кызматкери күчтүү дарыларды рецептсиз сатышкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталды.

"Иш-чаранын жүрүшүндө БМЖККК кызматкерлери тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, дарыканадан рецептсиз күчтүү дарыларды сатып алышкан. Мындан тышкары узак убакыт бою тыюу салынган күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусу боюнча ыкчам маалымат түшүп, андан дагы күчтүү дарыларды сатып алышкан.

Жыйынтыгында ыкчам кызматкерлер тарабынан баңги жана психотроптук заттардын компоненттери бар 73 даана дары-дармектер алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан