Нарында кар көчкү түшүп, 80ден ашык койду басып калды (фото)

Нарында 5000 метр куб кар көчкү түшүп, жергиликтүү элдин мал-жандыктарын басып калган. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 16-январда саат 17:00 чамасында Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган.
"Көчкү Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 бодо малды басып калган жана кыштоого каттоочу жолду да жаап калган", - деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша табигый кубулушутун кесепетинен жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан