Түзөтүү мекемелердин биринде соттолгон жаранга баңгизат алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 17-январь күнү С.Н. аттуу жарандын жанынан жалпы салмагы болжол менен 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган.
Кармалган жаран маңзат каражаттарын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөнүн мойнуна алды.
Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук ИИБине өткөрүлүп берилди.
Жаза аткаруу кызматы бардык жарандарга жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет.