Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган театрдын имаратын капиталдык оңдоого 97 миллион 658 миң 300 сом бөлүнгөн.
Азыркы учурда имараттын ичи-сырты, көрүүчүлөр залы реконструкцияланды. Анын ичинде стулдары, сахна жана көшөгө механизмдери, жабдыктар алмаштырылды.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры 1971-жылы ишке берилген. 1972-жылдан бери театрдын имаратына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.