Кыргызстандыктар үчүн 2024-2025-окуу жылына “Түркия стипендиялары-2024” програмасынын алкагында Түркиянын жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде бакалавр, магистратура жана PhD докторантура багыттарында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Документтерди каттоо ушул жылдын 10-январынан 20-февралына чейин жүргүзүлөт.
“Түркия стипендиялары-2024” програмасына катталуу бир гана https://tbbs.turkiyeburslari.gov.tr/ сайты аркылуу жүрөт.
Кеңири маалымат - https://turkiyeburslari.gov.tr/announcements/turkiye-scholarships-2024-applications-55