Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя менен биргеликте Талас облусунда бир катар мекемелердин ачылышына катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин көмөгү менен Талас районунун Орто-Арык айылына фельдшердик-акушердик пункт, Талды-Булак жана Манас айылдарына мечиттер салынып пайдаланууга берилди.