Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда УКМКнын жаңыланган имаратын ачты (сүрөт)  

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчы өз сөзүндө УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты өлкө коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты сактоо, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында ишмердүүлүктү арттырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

"Президент капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулганын маалымдады. Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан