Кытай согуштун босогосунда турган Иран менен Пакистанды сабырдуулукка чакырды

Коңшу Кытай ракеталык аткылоолордон улам бири-бирин айыптап жаткан Иран менен Пакистанды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз эки тарапты тең сабырдуулукка жана чыңалуунун күчөшүнө алып келе турган аракеттерден алыс болууга чакырабыз", - деген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин маалымат жыйынында.

Пекин аймактагы, тактап айтканда, Кытай тарап менен жалпы чек арасы бар Пакистандагы кырдаалга кылдат көз салып турганы белгиленген.

Эки тарап тең Пекиндин маанилүү өнөктөштөрү, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү.

Пакистан буга чейин Иран менен чек арага жакын жерде жасалган соккуларды "толугу менен кабыл алынгыс" деп терс кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан