
"Ихсан Групп" турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылындын 17-ноябрында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкери А.О.Т тергөөгө келүүдөн баш тартып, качып кеткен. Ага карата ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 396 факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы сырттан угузулуп, Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алынып, издөө жарыяланган.
Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында "Ихсан Групп" кооперативинин жооптуу кызматкерлери Б.А.Т. жана А.Э.К.га карата жалпы 400дөн ашык факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш козголуп, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Бул 400дөн ашык факты боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашат.
Мындан тышкары, "Ихсан Групп" кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатканы жана жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени белгиленди.
"Жарандардын келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу коопаративге карата арыз менен кайрылышкан. Бүгүнкү күндө "Ихсан Групп"кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү. Ошол эле турак жай алгандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө", - деп билдиришти ИИМден.
Учурда аталган кооперативдин баардык банктык эсеби камакта, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.