Жалал-Абадда 4 жаштагы кызга тирдин огу тийди

Жалал-Абад шаарында 4 жаштагы кызга тир мылтыгынын огу тийип, операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ок кыздын ичегисин тешип кеткен.

"Кечээ, 17-январь күнү шаар тургуну тир мылтыгынын огу тийген 4 жаш 8 айлык кызын ооруканага алып келген. Эки баласы унаанын артында ойноп отуруптур. Дүкөндөн чыккыча эле кызды кокусунан атып алыптыр. Ага кечээ операция жасалды, абалы туруктуу деп бааланууда", - деп билдирди Байдавлетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан