Биз социалдык тармакта

19-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Ага ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүcү мүмкүн жана жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7 градус болсо,

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 даража болот.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз +5…+7° жылуу болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан