Биз социалдык тармакта

"Жолду көрбөй жатышат". Жогорку Кеңеште унааларга коюлган LED фаралар тууралуу маселе көтөрүлдү

Автоунааларга кошумча жарык берүүчү светодиоддук фараларды орноткондорду ирээтке келтириш керек. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-январдагы жыйынында билдирди.

Токтошев унааларга коюлган кошумча фаралар жол кырсыгына себеп болуп жатканын белгиледи.

"Авариялык абалга алып келген себептердин бири бул унаалардын фарынын ичине коюлган "LED" жана "Луна" деген лампа түрлөрүнүн коюлушу болууда. Анткени анын кесепетинен каршы тилкеде келе жаткан унаалар жолду көрбөй калууда. Мамлекеттик органдар муну катуу тескеп, койдургандарды иретке келтирбесе көптөгөн адамдардын өмүрүнүн кыйылышына себеп болуп жатат", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан