Биз социалдык тармакта

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Мухамедаалыны издөөгө дагы адамдар кошулду (жеринен сүрөттөр)

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы М уулу М аттуу жаранды издөө ишине чыккандардын саны 358 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, издөө ишине чыккандардын 187си министрликтин куткаруучулары, Инсараг тобунун 5 куткаруучусу, 27 ыктыярчы, 139 ИИМдин кызматкерлери. Алардын курамында 5 кинолог бар экени айтылат.
"Издөөчүлөр ӨКМнын 11 дрону, Инсараг тобунан 4 дрон, ыктыярчылардан 3, жалпы 18 дрон менен иш алып барууда.
Мындан сырткары жалпы 20 техника тартылган", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан