Бишкек шаарында мыйзамсыз уюшулган газ сатуучу 5 түйүн аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында газ куючу мыйзамсыз аныктоо боюнча иштер улантылууда. Анын алкагында рейддик иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын, ӨКМнин өрткө каршы кызматынын жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын активдүү катышуусунда өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда жарылуучу газдарды сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузган беш соода түйүнү аныкталып, шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан түйүндѳрдүн ээлерине акт түзүлдү. Анын негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.