
Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Нарын ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 13-ноябрда милицияга Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 12-ноябрь түнү саат 05:00дө Нарын шаарынын Московский аймагынан К. жана Т. аттуу балдар баласын бычак менен сайгылап, сабап, изин белгисиз тарапка жашырып кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесине (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөөдө кылмышка шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган А.К.Т. аттуу жаран аныкталган.
Шектүү 15-январда "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү постунан чет өлкөгө чыгып бара жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.